БЕШМАНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:30, 18 февраль 2025 карата vol2_146_225_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШМАНТ – тизеге чейин жеткен, ичине пахта же жүн салынбай ичтелген жеңил тыш кийим. Топчуланма (аял сол, эркек оң жагынан), бели кымча, этеги кең, жакасы тик болуп тигилет. Б. кыргыздардан башка түрк, казак ж-а кавказ элдеринде да бар. Анын – жеңи узун Б. ж-а же­ңи кыска Б. деген эки түрү белгилүү.