ОИМОК ООЗДУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:28, 26 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЙМОК ООЗДУУЛАР (Сус1ов1оша1а) — жаны­барлардын жааксыздар чон классынын сууда жашоочу, жөнөкөй түзүлүштуү жалгыз классы. Силур мезгилинен белгилүү. Денеси жылан ба­лыкка окшоШ, жыланач териси былжыр бөлүп чыгаруучу бездерге бай. Кемирчек шакекче менен курчалган оозу соргуч куйгучка окшош (аталы­шы ошондон). Тили скелеттүү, мүйүз тиштүү. Баштык сымал бакалоорлору энтодермадан пай­да болгон. Мээси бардык омурткалууларга мүнөздүү бөлүктөрдөн турат. Бөлүп чыгаруусу мезонефриялык бөйрөк түрүндө. Жыныс без­дери жалгыз, чыгуучу түтүгү жок. Ургаачысы жумурткасын (уругун) сууга таштап, алар суу­да уруктанып, өөрчүйт. О. о. 2 классчага же түркүмгө (миногарлар жана миксиндер) бөлүнөт. Алар - балыктардын эктомителери же жырт­кычтары.

ОЙРОТ БИРИМДИГИ (15-к-дын башы) - батыш моңгол урууларынын саясий түзүлүшү. Н. Би­чурин, В. Бартольд ж. б. окумуштуулар О. б-н «биримдик», В. Рязановский, К. Костенков ж. б. «союз» деп түшүндүрсө, Б. Я. Владимир­цев моңголдордун «ойрад» (калм. «өөрд» - «жа­кын») деген сөзүнүн маанисине карап, европалык ориенталисттер «союздаш» деп түшүнгөнүн, иш жүзүндө ойрот союзу болбогонун эскертет. Кы­тайдагы Юанъ династиясынын кулашы (1368) Батыш Моңголиядагы ойрот (чорос, тыргоот, хошут, дөрбөт) урууларынын күч алышына алып келген. Эсендин (1440-55) тушунда Балхаш көлүнөн Улуу Кытай дубалына чейинки аймак­ты кучагына алган О. б. түзүлгөн. 1468-жылы Ал­тайдын чыгышындагы Таш-Туранду деген жер­де Манцухай-Сайн-Хатун жетектеген моңголдор­дун колунан жеңилгенден кийин ойроттордун бир бөлүгү түндүк-батышка, экинчи бөлүгү түш­түккө, Акбаржин (Абабарци-чинсанг) башында турган сибирь кыргыздары Чыгыш Тянь-

Шаң­дын тоолуу р-ндоруна (Комул, Баркөл) көчүп, 0. б. майда ээликтерге ажырап кеткен, к. Жуң­гар хандыгы.

Ад.: ГрумТржимайло Г. Е. Западная Монголия и Урянхайский край. Т. 2. СПб., 1926; Златпкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635-1758 гг.). 2-е изд. М., 1983. Э. Турганбаев.