ОБЕРОН
ОБЕРОН - Уран планетасынын табигый жандоочусу. Англ. астроном У. Гершель ачкан (1787). Уранга чейинки аралыгы 587 миң км, синодикалык айлануу мезгили 13 сутпка 11 с 16 мин, диаметри 1460 км. О-дун орбита тегиздиги Урандын орбита тегиздигине дээрлик перпёндикуляр. ОБЗОР, баяндама - адабияттагы, же конкреттүү бир жазуучунун, же гезиттин, же журналдын материалдары жалпылаштырылып жазылган макала. Бир мезгилдин адабияты тууралуу 0. берилсе, ошол мезгилде чыгармачылык активдүүлүктө болгон жазуучулардын башкы тематикасы, башка мезгилден айырмаланып турган негизги тенденциялары, ал мезгилдеги адабий процесстин мүнөздүү ийгиликтери жана кемчиликтери жалпылаштырылат. Эгерде бир жазуучунун же акындын чыгармачылыгына арналган болсо, ошол жазуучу же акындын чыгармачылыгынын негизги баскычтары, ар бир баскычынын өзүнө таандык артыкчылыктары, сүрөткердин жетилүү даражасы, анын негизги булактары жалпылаштырылып көрсөтүлөт. Ошондой эле кайсы бир тематиканын белгилүү бир мезгилдеги өнүгүшү жөнүндө 0. да жазылат (мисалы, «Азыркы кыргыз драматургиясы», «Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги кыргыз поэзиясы» ж. б.). Айрым гезит-журналдын материалдары боюнча мезгилдик 0. да жазылат.