ОРДО (борбор) (1)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРДО — 1) түрк тилдүү элдерде о. кылымдарда­гы уруу төбөлүнүн, кол башчысынын, бектин жана кагандын (хандын) байтактысы, борбору. О. көчмө (убактылуу) же туруктуу түрдө бол­гон. Көчмө О. боз үйдөн же аба ырайынын шар­тына жараша алтын саймалуу ак чатырдан тур­ган, коштун ортосундагы ыңгайлуу же бийик (көрүнөө) жерге тигилген. Мындай О. аскер жүрүштөрүндө же бир жерден экинчи жерге журт которууда ыңгайлуу болгон. Туруктуу 0. согуш­тук-саясий жактан маанилүү шаарларда орун алган. «Ордо» сөзү «борбор» маанисин туюнтат (мисалы, Ордо Валык - «Борбор шаар», «Алтын ордо» - «Алтын борбор» ж. б.); 2) 0. Азиядагы байыркы шаарлардын аталышы. Балыкооздун санжырасында кыргыздардын Сыр-Дарыянын жээгине он эки капкалуу Ордо ш-н («Ороздун ордосу») кургандыгы, ошондой эле Ал-Макдиси боюнча Талас, Чүй сууларына жакын аймакта он эки дарбазалуу О. (Урду) ш. жайгашкандыгы, Мах­муд Кашгариде Баласагуни ш-нын тегерегинде 0. (Орду) ш. болгондугу эскерилет.

Ад.: Материалы по истории туркмен и Туркмении. М., 1939; Кожемяко П. Н. Раннесредневековые го­рода и поселения Чуйской долины. Ф., 1959; Кызла­сов Л. Р. Раскопки древного Баласагуна //Вестник МГУ. 1953, № 11; Кляшторный С. Г., Султанов Т. И. Ка­захстан: летопись трех тысячелетий. А., 1992; Бар­толъд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Балыкооздун санжырасы. Б., 2009. Э. Турганбаев.