ОРГАНИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРГАНИЗМ (латынча ог^ашво - канаттандыруу, келбетке келтирүү) - бири бирине өз ара көз каранды жана бири бири менен байланыштуу, өз ара мамилеси бар жашоо аракеттерин алып жүрүүчү жана алардын касиеттерин мүнөздөөчү бир бүтүн жандуу түзүлүш. Жансыз материядан айырмаланган касиеттерге ээ, О. бир жана көп клеткалуу түзүлүштө болуп, зат алмашуу, өсүү жана өрчүү, дүүлүгүү, көбөйүү ж. б. физиол, про­цесстердин жүрүшү менен мүнөздөлөт. Зат алма­шуу О-дин дайыма жаңырып турушун жана ички чөйрөнүн туруктуулугун камсыз кылат. Кээ бир О-дин (мисалы, бактерия, көк жашыл балыр, рик­кетсия ж. б.) ядросу жана хромосома аппараты болбойт, алар прокариот деп аталып, түзүлүшү жөнөкөй жана көлөмү кичине болот. Жашаган чөйрөсүнө жараша О-дин түзүлүшү түрдүүчө. Жөнөкөйлөрдө тиричилик функциясын органел­лалар аткарат. Эволюциялык процесстин негизинде көп клеткалуулуктун пайда болушу О-дин морфол.- физиол. татаалдануусуна жана нерв-гумордук баш­каруунун негизинде клетка, ткань, органдардын структуралык жана функциялык жактан коор­динацияланып, дифференциацияланышына алып келди.

Ад.: Панов Е. Н. Бегство от одиночества: индиви­дуальное и коллективное в природе и в человеческом обществе. М., 2001.