ОПТИМАЛДУУ БАШКАРУУ
ОПТИМАЛДУУ БАШКАРУУ - каалаган натыйжага оптималдуулук критерийине ылайык жетүү, башкача айтканда мүмкүн болушунча аз убакытта же эң жогорку экономикалык натыйжа менен ишке ашыруу, берилген чектөөлөрдүн ичинде башкаруунун натыйжалуулугун мүнөздөй турган атайын критерийдин пайдалуу маанисин камсыз кылуу. Системанын баштапкы абалынан берилген абалга чейин өтүү убактысы, башкарылуучу чоңдуктун берилген абалдан орточо квадраттык кыйшайышы, өндүрүмдүүлүк, продукциянын сапаты, жумшалган энергия же баалуу сырьё ж. б. оптималдуулуктун критерийи катары каралышы мүмкүн. Берилген шартта өтмө процесстин минимумун автоматтык түрдө камсыз кылуучу система тез аракеттүүлүгү боюнча оптималдуу система болуп эсептелет. О. б. автоматтык жөндөө системасынын жана ээрчиме системалардын тез аракеттүүлүгүн жана тактыгын жогорулатууга умтулуунун негизинде пайда болду. Мына ушул техникалык маселелер математикалык жактан мазмундуу 0. б-нун теориясын иштеп чыгууга шарт түздү. О. б-нун теориясы 20-к-дын 50-жылдарынын ортосунда кыймылдагы объектилерди башкаруу маселелеринин негизинде келип чыккан. Кандайдыр процесске адам таасир тийгизсе, ошол жерде 0. б. маселеси бар, мисалы, автомобилди башкарууда айдоочу рулдун жана ылдамдыкты өзгөртүүчү тетиктин жардамы менен автомобилдин кыймылын, учкуч, кеме капитаны атайын каражаттардын жардамы менен башкаруу процесстерин өзгөртөт. Экономикалык процесстердин жүрүшүн, бааны ө. ж-дын кээ бир тармактарын артыкча өстүрүү дагы ушул сыяктуу таасирлер менен башкарууга болот. Мына ушуга байланыштуу каалаган жыйынтыкка эң жакшы, оптималдуу түрдө жетиш үчүн башкаруунун керектүү түрүн табыш керек. Акыркы жылдарда бул маселени чечүү максимум принциби, динамикалык программалоо сыяктуу ыкмалар пайда болду.