ОПТИКАЛЫК СҮРӨТТӨЛҮШ
ОПТИКАЛЫК СҮРӨТТӨЛҮШ - оптикалык системанын объект нурланткан же чагылткан жарык нуруна таасир этишинен алынуучу объектинин сүрөтү. 0. с. объектинин сөлөкөтүн жана айрым бөлүктөрүн белгилүү өлчөмдө бузуп көрсөтөт. Нерсени көрүүдө, нерседен көзгө маалымат ташыган жарык нурлары көз аркылуу сынып өтүп, О. с-тү көздүн торчосуна проекциялайт. Объектинин туура сүрөттөлүшүн алыш үчүн, анын ар бир чекитинин сүрөттөлүш тегиздигиндеги чекиттик проекциясына жетишүү зарыл. О. с. чыныгы жана жалган болуп бөлүнөт. Чыныгы 0. с. чогултуучу нурлардын кесилишинде пайда болот, ал кесилиш тегиздигиндеги экранда байкалат. Экинчи учурда оптикалык системадан чыккан нурлар чачырап, бири биринен алыстайт. Эгерде аларды геометриялык карамакаршы багытка улап элестетсек, алар бир чекитте кесилишип, жалган О. с-тү пайда кылат. Бул жалган сүрөттөлүштү экранга же фотоплёнкага түшүрүү мүмкүн эмес. Бирок, көз аны чыныгы сүрөттөлүшкө өзгөртүп түзөт. Жалпак күзгүлөр жалган сүрөттөлүштү берет.