ОПТИКАЛЫК БАИЛАНЫШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПТИКАЛЫК БАЙЛАНЫШ - лазерди колдонуу аркылуу оптикалык диапазондогу (1013-101оГц) электр-магниттик термелүүлөр аркылуу эки же бир нече пункттардын ортосундагы байланыш. Түзүлүшү (структурасы) боюнча О. б. радио байла­ныш системасына окшош. 0. б-тын эң жөнөкөй

түрү 18-к-дын акырында колдонулган (мисалы, се­мафор азбукасы). Лазерден кийин маалыматты кабыл алуу, иштетүү жана берүү мүмкүндүгү пайда болду. 0. б. системасында сигналды кабыл алуу­нун эки - түз бөлүп алуу жана жардамчы кабыл­доо жолдору колдонулат. 0. б. системасы а ч ы к жана ж а б ы к байланыш системасына бөлүнөт. Атм-нын Жерге жакын катмарында лазерди колдонуу, 0. б-тын ачык системасынын иштөө ишенимдүүлүгү атм. шартка көз каранды. Бул, 0. б-тын ачык линияларын жакынкы аралык­тарга колдонууну салыштырмалуу чектейт. Бирок 0. б-тын ачык линиялары Жер менен космостук байланышта кеңири колдонулууда. Мисалы, лазер нуру -108км аралыкка маалымат­ты Ю5 бит/сек ылдамдыкта берет, ал эми мик­ротолкундуу техниканын маалыматты берүү ылдамдыгы 10 бит/сек. Космосто 0. б-тын кос­мостук линияларын түзүү техникалык жактан татаал. Жер шартында 0. б. системасы үчүн оптикалык жоготуусу аз жабык булалуу жарык өткөргүчтөр пайдаланылат.