ОПОКА
ОПОКА геологияда - майда тешикчелүү бекем жана жеңил чөкмө тоо тек. Көбүнчө чопо, кум, глауконит ж. 61 кошундулардан жана майда бүртүкчөлөрү суу-аморфтуу кремнезёмдон (97% ке чейин) турат. 0. эле начар сакталган диатомей менен губкалардын спикулалары кездешет. Өңү боз, каралжын-боз. Таза О. жогорку адсорбциялык касиети менен мүнөздөлөт. 0. негизинен палеоген жана жогорку бор чөкмөлөрүндө жолугат. Адсорбент катары газ, химия ж. б. өндүрүштө колдонулат. Таза сортунан карапа жасалат.