ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИЗИЛДӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИЗИЛДӨӨ - чечим кабыл алуу үчүн сан жагынан негизделген сунуштар­ды иштеп чыгуучу илимий ыкма. Так математикалык ыкма ар кандай маселенин чыгарылыш натыйжасы­нын сан маанисин аныктоого мүмкүндүк бер­гендиктен, 0. и-нү оптималдык чечим кабыл алуу теориясы катары аныктоого болот. Бар­дык чектөөлөрдү канааттандыра турган чыга­руу системасы чыгарылыштын мүмкүн бол­г о н т ү р ү деп аталат. 0. и. маселесинин маңызы оптималдык чыгаруунун оңой жолун табуу болуп эсептелет. 0. и-нүн кээ бир маа­нилүү маселелери 0. и-нүн м о д е л и деп аталат. Буга транспорт маселеси, ишенимдүүлүк теориясы, тармактык пландоо теориясы, ошондой эле массалык тейлөө теориялары кирет. О. и. маселе­леринин ичинен сандык мааниге ээ болгон бир максаттуу функциялар бөлүнүп алынат. Мын­дай маселелердин теориясы математикалык программа­лоо деп аталат. Чечим кабыл алуу субъекти­нин чечиминин негизинде болот. Эгер чечим кабыл алууда маалымат (информация) өзгөр­бөсө, статикалык маселе деп, ал эми чечим кабыл алууда информация өзгөрсө, башкача айтканда информация кабыл алынса жана берилсе д и­намикалык маселе деп аталат. Динамика­лык эсепте чечим кабыл алуу бир нече этаптан («көп кадамдуу чечим») же убакыт боюнча үзгүлтүксүз процесстен турушу мүмкүн. Демек 0. и-нүн динамикалык маселелер теориясынын көпчүлүгү динамикалык программалоо эсепте­рине тиешелүү. 0. и-нүн айрым маселелери гана анализдик жол менен, бир азы жөнөкөй сандык ыкма менен чыгарылат. Ошондуктан 0. и-нүн мын­дан ары өнүгүшү электрондук эсептегич техни­канын прогрессине байланыштуу.

Ад.: Вагнер Г. М. Основы исследования операций / Пер. с англ. Т. 1-3. М., 1972-73.