ОПЕРАТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРАТОР - 1)математикада эки көптүктүн элементтеринин ортосундагы туура келүүчүлүктү туюнтуучу математикалык түшүнүк. Чагыл­дыруу, өзгөртуу, функция түшүнүктөрү менен О. эк­виваленттүү мааниге ээ. X көптүгүнүн ар кан­дай х элементине Ү көптүгүнүн кандайдыр у элементинин туура келүүчүлүгү О-дук түрдө у=А(х) деп жазылат. А - О., у элементи х эле­ментинин түспөлү (образы), х элементи у эле­ментинин түспөлдөшү деп аталат. X көптүгү А О-унун аныкталуу облусу, Ү көптүгү А О-унун маанилеринин облусу деп аталат. Физикалык жана математикалык анализдин көптөгөн маселелеринде диф­ференциялык О-лор менен интегралдык О-лор маа­нилүү роль аткарат (к. Операторлор теориясы); 2)информатикада - компьютерде маалыматты (информацияны) иштеп чыгуу про­цессинде кээ бир аяктаган аракеттердин масе­лелери үчүн багытталган белгилүү программа­лоо тилиндеги буйрук; 3) техникада­татаал жабдуунун (түзүлүштүн; мисалы, ЭЭМ, ра­диолокациялык станция, бургулагыч орнотмо­нун (установка) иштешин пульттан башкаруучу адис; 4)кинодо - кино тартуучу адис (кино­оператор).