ОПЕРАТИВДҮҮ ЭС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРАТИВДҮҮ ЭС, негизги эс (англ. Random Access Memory - эркин жете турган эс) - компью­тердин эс системасынын бөлүгү. Анда процес­сордун операция аткарылышы үчүн ага зарыл болгон маалыматтар жана командалар убакты­луу сакталат. Милдеттүү шарты болуп, эстин даректүүлүгү эсептелет (ар бир машина сөзү жеке дарекке ээ). Маалыматтарды О. э-ке же андан процессор менен берүү түздөн-түз же өтө тез эс аркылуу жүргүзүлөт.