ОПЕРА СЕРИА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРА-СЕРИА (итал. opera вег1а — олуттуу опе­ра) - Италияда неаполдук опера багытында 18- к-да жаралган опера жанры. Италиянын музы­ка өнөрүнүн өнүгүшү менен О.-с. Европага тара­ган. О.-с-нын мазмунун көбүнчө мифол. леген­дарлуу-тарыхый окуялар түзгөн. Чыгармадагы окуялардын чиелениши, өнүгүшү жалаң речи­тативдерде ишке ашырылган. Каармандардын кейпи, алардын ой-мүдөсү, ою, кылык-жоругу баш-аягы жыйнактуу, такталган музыкалык номер­лер - ария, ариозо, каватина, дуэт, трио, ан­самблдер аркылуу берилген. Мүнөзү боюнча баатыр­дык, лирикалык, мундуу болуп бөлүнгөн. Адат­та анча терең иштелбеген деңгээлдеги О.-с-нын өзгөчөлүгү ырчы-виртуоздордун кызыкчылыгы­на байланыштуу болгон жана акырында О.-с-ны кризиске дуушар кылган. 19-к-да О.-с. өз маа­нисин жоготуп, колдонуудан чыккан.