ОПЕРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОПЕРА (итал. opera, сөзмө-сөз - чыгарма, эм­гек) - музыкалык-драмалык искусство жанры. Ал ария, речитатив, вокалдык ансамбль, хор, ор­кестр номерлеринен (увертюра, антракттар) ту­рат. Кээде балет көрүнүштөрү, диалогдору, мело­драма да О-га кирет. 0-нын тарыхый-баатыр­дык, баатырдык-эпикалык, элдик-жомок, ли­рикалык-турмуштук ж. б. түрлөрү бар. Ошондой эле О.-сериа, О.-буффа (Италия), комедиялык жана лирикалык (Франция) 0. жанрлары болот. 0-нын айрым түрлөрү белгилүү бир улуттук маданият жана доор менен тыгыз байланыштуу. 16-к-да Флоренцияда пайда болгон 0. өнүгүүнүн та­таал жолун басып өткөн. Көрүнүктүү О-лар: В. А. Моцарт «Фигаронун үйлөнүү тою» (1786); «ДонЖуан» (1787); «Сыйкырдуу чоор» (1791); Ж. Россини, «Севильялык чачтарач» (1816); К. М. Вебер, «Таамай аткыч» (1821); Ж. Верди, «Риголетто» (1851), «Травиата» (1853), «Аида» (1870), «Отелло» (1886); Р. Вагнер, «Лоэнгрин» (1848); «Нибелунг шакеги» тетралогиясы (1854, 1856, 1871, 1874), «Тристан менен Изольда» (1859); Ш. Гуно, «Фауст» (1859); Ж. Бизе, «Кар­мен» (1874); С. Монюшко, «Галька» (1858); Б. Сметана, «Сатылган колукту» (1866); А. Двор­жак, «Суу периси» (1900), Ж. Пуччини, «Чио­Чио-сан» (1903). Алгачкы орус 0-сы 18-к-дын 2-жарымында пайда болгон. О. жанрынын классикалык чыгармалары 19-к-да Россияда, Украинада жаралган: М. И. Глинка «Иван Суса­нин» (1836); «Людмила» (1842); А. С. Даргомыж­ский «Суу периси» (1855); А. Г. Рубинштейн, «Демон» (1871); М. П. Мусоргский, «Борис Го­дунов» (1872) жана «Хованщина» (Н. А. Рим­ский-Корсаков бүтүргөн, 1883). 20-к-да СССРде союздук респ-лардын композиторлору О-га көңүл бурушкан (С. С. Прокофьев, Д. Д. Шоста­кович, Г. И. Майборода, У. Гажибеков, 3. Па­лиашвили, А. Жубанов ж. б.). Кыргызстанда О. жан­ры «Айчүрөк» (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фе­ре, 1939) операсынын коюлушу менен башталат. Кыргызстанда М. Абдраев «Жаш жүрөктөр» (1953), «Олжобай менен Кишимжан» (1965), «Бороон алдында» (1972), В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере «Токтогул» (1941, экинчи редакциясы 1956); А. Аманбаев (С. Л. Германов менен бирге) «Айдар жана Айша» (1952), «Бойдоктор» (1960, 1974), М. Раухвергер «Алтынкөкүл» (1942, 1976), «Жамийла» (1960), Н. Давлесов «Курманбек» (1979), С. Осмонов «Кычан» (1981), «Сепил» (1984), Ж. Каныметов «Ак Мөөр» (1993); «Жусуп Бала­сагын» (2002) ж. б. опералары менен кыргыз улут­тук опера искусствосун бийиктикке көтөрдү.

Ад-: Алагушов Б„ Каплан А. Кыргыз операсы. Ф., 1973; Саламатов Т. Кыргызский национальный академический театр оперы и балета имени А. Мал­дыбаева. Б., 2012.