ООРДУК КҮЧҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ООРДУК КҮЧҮ - Жердин тартуу күчүнөн жана Жердин айлануусунан пайда болгон борбордон четтөөчү күчтөргө тең аракеттенүүчү күч. Бор­бордон четтөөчү күч Жердин экваторунда эң чоң маанисине жетет. Ошондой болсо да ал эква­тордо 0. к-нүн 1/288 үлүшүн гана түзөт. Ошон­дуктан жердин бетиндеги О. к. негизинен жер бетинин формасына жана өлчөмүнө көз каран­ды. Жердин берилген чекитине коюлган тик

сы­зык 0. к-нүн ошол орундагы багытын анык­тайт. 0. к. жер бетине тик жана чондугу т&ге барабар (т - тартылуучу нерсенин массасы, £ ~ О. к-нүн ылдамдануусу). О. к. туруктуу күч та­лаасын түзөт.