ООР АТЛЕТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ООР АТЛЕТИКА - спорттун оор нерселерди (штанга, гиря, гантель ж. б.) көтөрүүгө негиз­делген түрү. Ал дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кеңири тараган жана олимпиялык оюндардын катарына киргизилген. 19-к-дын аягынан О. а. спорттун өзүнчө түрү катары калыптана башта­ган. Ал адегенде «гиря спорту», «штанга», «оор атлетика» деп аталган. Виринчи Европа чем­пиондугу 1896-жылы (Роттердам), ал эми 1-дүйнөлүк чемпиондук 1898-жылы өткөн (Вена). 1912-жылы Сток­гольмдо О. а. боюнча 1-эл аралык конгресс болуп, эл аралык мелдештин эрежелери иштелип чык­кан. Кыргызстанда О. а. спорт катары 1931-жыл­дан өнүгүүдө. О. а. боюнча мелдештер эл аралык

эреже бекиткен классикалык көнүгүүлөрдүн про­граммасы боюнча өткөрүлөт: жулкуп көтөрүү (ры­вок) - штанганы эки колу менен жулкуп көтөрүү, түртүп көтөрүү (толчок) - штанганы эки колу менен төшүнө кармап, төштөн түзөтө колду түртүү. Жеңиш түрдүү салмактагы штангачылардын эки кыймылы боюнча көтөргөн массасынын суммасы­на жараша аныкталат. 1934-жылдан мелдеш­терге катыша баштаган Кыргызстандын 1-рекордчу­су Н. Михайлюк болгон. Кийинки жылдары Б. Шаршенов, Т. Супиев ж. б. спортчулар ар кан­дай рекорддорго ээ болушкан. О. а. боюнча Б. Шари­пов, Ж. Каракчеев, К. Осмоналиев [СССРдин 2, Европанын 2, дүйнөнүн 4 жолку (1978-81) жана олимпиялык оюндардын (1980, Москва) чем­пиону], Ю. Соколов ж. б. алгачкы спорт чебер­лери болуп эсептелинет. Кыргыз спортунун чеберлери А. Бадов (СССРдин чемпиону, 1989), С. Дүйшеев, Э. Абдиев, М. Шариповдор эл ара­лык мелдештерде алдынкы орундарды ээлеген.