ООГАН ТАЛАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ООГАН-ТАЛАА — Жалал-Абад облусунун Базар­Коргон районундагы кыштак. Могол айыл айма­гына караштуу. «Ачы» токой чарбасынын ай­магында, Кара-Үңкүр менен Арстанбап суулары­нын кошулган жериндеги тектирде, деңиз деңгээлинен 1100 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Базар-Коргон кыштагынан 35 км түндүк-чыгыш тарапта, Жалал-Абад т. ж. бекетинен 71 км. Кыштак 1850-жылы пайда болгон. Калкы 2710 (2007); негизинен токойчулукта, дыйкан чарба­ларында эмгектенип, мал менен да алектенет. Мө­мө-жемишти кайра иштетүүчү чакан ишкана, «Байлык» АКы, «Ачы» керек-жарак коому, тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамак­тануучу жана соода жайлары, чайкана, базарча­лар иштейт. Орто мектеп, китепкана, оорука­на, поликлиника, дарыкана, бала бакча, маданият үйү, почта жана телеграф бөлүмдөрү бар. Кыш­такта Социалисттик Эмгектин Баатыры П. Т. Слюсаренко, Кыр­гыз Респ-нын эл артисти С. Далбаев туулган.