ОНИХОФОРАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОНИХОФОРАЛАР (Опусйорйога), а л г а ч к ы трахеялуулар - омурткасыз жандыктар тиби. Денеси сегменттелген (13төн 43кө чейин). Формасы эжеке бээ саа сымал, уз.. 15 смге же­тет, денеси жука кутикула менен капталган. Ар сегментинде хитин тырмакчалуу экиден жөнө­көй буттары болот. Башында оозу, 2 узун ан­теннасы, 2 көзү, хитин жаагы жана 2 ооз соргучу бар. Дем алуу органы начар өнүккөн кекиртек­тен турат. Кан айлануусу ачык. Тамак сиңирүү системасы түтүк сымал. Айрым жыныстуу, дээр­лик бардыгы тирүү тууйт. 1 классы, 70 түрү бар. Түштүк жарым шардын тропик жана мелүүн алкак­тарындагы токойлордо чиринди арасында жа­шайт. Жырткычтары тамагын ооз соргучтары­нан чыгарган илешкек суюктук менен кармайт. онкология — медицинанын шишиктердин пайда болуусун, өөрчүүсүн, клиникалык өтүшүн изилдөөчү жана аны диагноздоо, дарылоо, алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Клини­калык медицинанын цитология, генетика, био­химия, патология, имуннология, вирусология, радиология, ошондой эле хирургия тармактарынын жетишкендиктерине байланыштуу эксперимент­тик жана клиникалык О. калыптанган. Шишик­тердин пайда болуу себебин билүү үчүн көптөгөн эксперименттер жүргүзүлүп, жаныбарларда түр­дүү сырткы таасирлер, ошондой эле химиялык бирикмелер шишикти пайда кылары далилденген. 1915-жылы япон илимпоздору канцероген заттардын таа­сири менен жаныбарда рак шишигин чакырыш­кан (таш көмүр чайырын коёндун терисине та­кай сыйпаганда, ал жерде рак пайда болгон). Кийин рентген нурунун радиоактивдүү изотоп­тордун канцерогендик таасири аныкталган. Кыргызстанда рак оорусунун таралуу өзгөчөлүгүн, анын диагноз коюу, дарылоо жолдорун Улут­тук онкология борбОру изилдейт.