ОНИКС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОНИКС (грекче бпух - тырмак) - минерал, халце­дондун бир түру. Агаттын жол-жол тасма сы­мал түрү, сызыктары (көбүнчө кара жана ак) ар­кылуу

айырмала­нат. Катуулугу 7. С. сал. 2,5-2,6. Жарым тунук, жарык өткөрөт. О-тин кооздугу камея менен инта­лияда айрыкча көрүнөт. Жогорку сапаттагы О. Арабия ж. а-нан, Индиядан, Бразилиядан, Уругвайдан жана АКШ­дан өндүрүлөт. Түрлөрү сардоникс, мрамор О. ж. б. Зергерчиликте колдонулат.