ОН АРЧА (Нарын д-нын оң куймасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОН-АРЧА - Нарын д-нын оң куймасы; Нарын р-нунун аймагы аркылуу аккан суу. Узундугу 75 км, алабынын аянты 1570 км2. Башкы агымында Солтон-Сары жана Көк-Торпок деп аталат. Сол­тон-Сары Кара-Жорго жана Капка-Таш кырка тоолорунан, Көк-Торпок Нура тоосунун түндүк кап­талындагы мөңгүлөрдөн башталат. Жылдык орт. чыгымы 9,92 м?/сек. Эң көп чыгымы июнь - июлда, азы декабрь - февралда байкалат. Ап­релде кирип, сентябрда тартыла баштайт. Алабында аянты 10,6 км2 келген мөңгү бол­гон. Ири куймалары: Оттук (54 км), Эчки-Башы (21 км). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Он­Арча, Миң-Булак кыш. жайгашкан. Боюнан таш доорунда жашаган адамдардын буюмдары табылган. Сууга Он-Арча ГЭСи жана каналы курулган. Канал чарбада пайдаланылып, На­рын р-нунун Эмгекчил, Куйбышев кыш. жана О.-А-нын сол өйүзүндөгү тектирлер өздөштүрүлүп жатат.