ОМУРТКАЛУУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМУРТКАЛУУЛАР, баш сөөктүүлөр (Уег1еЬга€а же Сгап1а1а) — ж.аныбарлардын хордалуулар тибиндеги типче. Соңку силур мез­гилинен белгилүү. 0-дын теги - жөнөкөй хор­далуулар. Эволюциялык процесстин натыйжасында ал­гачкы өзөк скелети - хордасы - акырындап бири-бири менен бириккен кемирчек же сөөк омур­ткалардан турган омуртка тутумуна алмашкан (аты ошондон). Ошентип суу агымына туруш­тук бере турган күчтүү булчундуу бекем таяныч пайда болгон. Ошондой эле дем алуу, азык сиңирүү, кан айлануу, бөлүп чыгаруу жана сезүү органда­ры, борбордук нерв системасы өөрчүгөн. Айрыкча бул системалардын өөрчүшү 0-дын суудан кургакка жашоого өткөндө зарыл болгон. Тамак сиңирүү системасы татаалданган. Булчундуу жүрөгү бир нече бөлүктөн турат. Кан айлануу системасы туюк. Сууда жашоочу 0. бакалоору, кургакта­гылар жаңы пайда болгон дем алуу органы-жуп өпкөсү менен дем алат. Омурткасыздарга караган­да гормондук жөнгө салуу татаалданган. Нерв системасы мээ, жүлүн жана четки түйүндөрүнөн (ганглия) турат. 0-дын кыймыл-аракетинин активдүүлүгү сезүү органдарынын түзүлүшүнүн жана функциясынын татаалданышына алып кел­генетикалык 0. демейде айрым жыныстуу, жуп жыныс бездери болот. Кээ бир балыктар - гермафро­диттер. Оймок ооздуулар, балыктар, жерде-суу­да жашоочулардын көбү, куштар жумуртка, сүт эмүүчүлөр тирүү тууйт. Азыркы 0. 7 класс­ка (оймок ооздуулар, кемирчектүү балыктар, сөөктүү балыктар, -жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөр) бөлүнүп, 40-45 миңдей түрү белгилүү. Биосфера процес­синде жана адам үчүн 0-дын мааниси өтө чоң. Көпчүлүгү - үй айбандары жана промыселдик жаныбарлар. Айрымдары - жугуштуу оорулар­ды алып жүрүучүлөр, кээ бирлери эл чарбасы­на, а. ч. өсүмдүктөрүнө зыян келтирет.