ОМАР ХАЙЯМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМАР ХАЙЯМ Гиясаддин Абу-ль-Фатх ибн Ибрахим (1048-жылы чен, Нишапур - 1122-жыл­дан кийин, ошол эле жер) - фарси жана тажик акыны, ма­тематик, философ. О. Х-дын өмүрүнүн көбү Орто Азия жана Иран, Балх, Самарканд, Ис­фахан ж. б. шаарларда өт­көн. Философияда Арис­тотель менен

Ибн Синанын жолун жолдогон. Математи­ка боюнча О. Х-дын бизге жет­кен эмгектери аны улуу

оку­муштуу катары мүнөздөйт. Математикалык трактатын­да теңдемелердин чыгарылышын 3-даражасы­на чейинки геометриялык формада системага салган. «Евклид китебинин татаал жоболоруна түшүн­дүрмө» аттуу трактатынын мазмунун параллел­дер жөнүндөгү оригиналдуу теория түзөт. О. X. акын катары дүйнөгө рубаилери (төрт саптар) менен таанылган. Ал төрт саптардын канчасы О. Х-га тиешелүү экени алигиче тактала элек. 0. Х-дын лирикасы фарси-тажик поэзиясынын жалпы агымынан кескин бөлүнүп турат. Анын поэзия­сында өлгөндөрдүн чөпкө айланышы жана чөп менен жандуулардын тамактанышы түбөлүк кый­мылдагы материя жөнүндө каңкуулап, дүйнө менен жеке адамдын байланышы айкындалат; шарап даңазаланып, тиги дүйнөдө жашоо жок деген­дей тыянак чыгарылат. Рубаилердин негизги идеясы - сопусунгандарды ашкерелөө, эки жүз­дүүлүктү жек көрүү, пенденин эркиндигин жак­тоо. О. X. көп учурда ырларынын лирикалык каарманын эркин пенде катары көрсөткөн. Анын каарманы - бунтчул жана зордук-зомбу­лукка келишпес, кудайсыз. Бирок О. Х-дын чы­гармаларында татаал жана карама-каршы масе­лелер бир кыйла. Изилдөөчүлөр тарабынан анын рубаилери карама-каршылыктуу талданып жүр­гөндүгү ушуну менен түшүндүрүлөт. Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.

Чыг.: Рубаилер/Которгондор Ж. Садыков, Т. Шар­шенбаев. Ф., 1987; Рубаилер/Которгон С. Жусуев. Б., 2004.

Ад.: Морчнок С. Б„ Розенфелъд Башкача Айтканда Омар Хайям - поэт, мыслитель, учёный. Душ., 1957.