ОМАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОМАР, Умар ибн аль-Хаттаб, Умар ибн Хаттаб ибн Нуф а-й л ь и б н Абдулуззаибн Кусай ибн Ки­лаб ибнМурра ибн Каа'б (581, Меке - 3. 11. 644, Медина, Масжид ан-абавиге сөөгү коюлган) - Араб халифатынын 2-халифи, мамлекеттик ишмер (634-644). Курайши уруусунан. 616-ж. исламды кабыл алып, анын активдүү жактоо­чусу, Мухаммеддин кеңешчиси (ага кызын бер­ген), ал өлгөндөн кийин Арабияда Абу Бакр­дын кеңешчиси болгон. О. чечкиндүү келип, Абу Бакрдын ишмердигин улантып, толуктап тур­ган. Ал Египет, Сирия, Палестина жана Иран­дын бир бөлүгүн каратып, халифаттын ээлик­терин кеңейткен. О. жоокерчиликтен түшкөн ол­жону бөлүштүрүүчү администрациялык аппаратты түзгөн, жор­туулга катышкан асхабдарга жана жоокерлерге каратылган жерлерден өз үлүштөрүн бөлүп берүүнүн ордуна, аларга жалыйна төлөөлөрдү каттоочу атайын дивандык башкарууну кийир­генетикалык Каратылган аймактарда амир (наместник) менен каржы төбөлүнүн - амилдин ортосундагы башкаруу бийликтерин чектеп, бийликтин бор­боруна халифтик системаны койгон. Арабияга жаңыча мусулман "'жылнаамасын киргизген. Анын буйругу менен Хижра жыл санагынын (622- жылдын 16-июлуна туура келет) башталышы жарыяланган. О. 644-ж. мусулмандардын ка­сиеттүү өкүмдары деген наамга ээ болгон. Меди­на мечитинде ирандык кул Абу Лула Фируза тарабынан өлтүрүлгөн.