ОЛЬДЕНБУРГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛЬДЕНБУРГ Сергей Фёдорович [14(26). 9. 1863, азыркы Чита обл., Нерчин району, Бянки­но кыш. - 28. 2. 1934, Ленинград] - орус совет чыгыш таануучусу, орус индол. мектебин негиз­дөөчүлөрдүн бири. 1885-жылы Петербург университетин бүтүргөн. 1889-жылдан Петербург университетинде оку­туучу жана проф. 1917-жылы Убактылуу өкмөттүн агартуу министри. 1930-34-ж. СССР ИАнын Чы­гыш таануу институтунун директору. Индиянын ба­йыркы жана о. кылымдагы маданиятын жана динин,

будда искусствосунун жана жаз­ма маданиятынын тарыхы, чыгыш таануунун тарыхы боюнча, Чыгыш өлкөлөрүнүн, ошондой эле Россиянын жана Ба­тыш Европанын фольклору, ис-восу, этнографиясы жаа­тындагы иштердин автору. 0. Чыгыш Түркстанга жа­салган археол. экспедиция­ны жетектеген (1909-10;

1914-15). Чогулган кол жазмаларды которуп, аларга түшүндүрмөлөр жазган. Борбордук Азияга жана Тибетке жасалган бир катар илимий экспеди­циялардын демилгечиси. Эл аралык «ВпЫкйЬе­са ЬискПиса» сериясынын басылышын жетекте­ген (1897-жылдан). Ч.Жумагулов.