ОЛУЯ АТА ТРИХАНТЕМИСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛУЯ-АТА ТРИХАНТЕМИСИ (ТпсйапШетиз аиНеа1епз18) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы өтө сейрек кездешүүчү, эндем түрү. Өтө кооз өсүмдүк. Көп жылдык, чачыранды­түктүү, бийиктиги 20-40 сжге жетет, сабагы жоон, көп өзөктүү, тамыры жыгачтанган. Жалбыра­гы түксүз же билинер-билинбес түктүү, топурак­ка жакын жалбырагынын узундугу 10 см, туурасы 2 слгге чейин, канаттай же кош канаттай бөлүк­түү, жалбырак сабы жок. Себетче топ гүлү жал­гыздан, желекчелери тери сымал, күлгүн кы­зыл. Май-июнда гүлдөйт. Уругу менен көбөйөт. Түштүк Казакстанда жана Кыргызстанда (Эчкили-Тоо, Кыргыз кырка тоосу, Кара-Арча капчыгайы) кезигет. Жылгалуу жана арча токойлуу таштак беттерде, 1400-1800 м бийиктикте өсөт. Акыр­кы жылдары өтө сейрек кезигип кеткендик­тен, КРдин Кызыл китебине киргизилген.