ОЛОБО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛОБО,куйган өпкө - кыргыздын улут­тук тамагы; кой-эчкинин сүт куюлуп бышырыл­ган өпкөсү.

Союлган малдын өпкөсү кекиртеги менен кошо чыгары­лып, толтура жел үйлөнүп, муздак сууга салынат. Андан соң өпкө­нүн ичи жылуу суу менен тазаланат. Сүт өпкөгө баты­шынча толтурул­гандан кийин ке­киртекке эт сойлотуп, 4-5 жеринен ичке жип менен байлайт, сууга кайнатылып бышырылат.