ОЛИНФ
0ЛИНФ — Халкидика ж. а-ндагы байыркы грек шаары. Урандылары азыркы Салоникиден (Грекия) 50 км түштүктө. Биздин заманга чейинки 8-6-к-да Эвбея а-ндагы Халкида шаарынан келгендер негиздегенетикалык Биздин заманга чейинки 432-жылдан Халкида шаарлар союзунун борборуна айланган. Олинф согушунан (биздин заманга чейинки 349-348) улам аны Македония падышасы Филипп II караткан. Ал талкалап өрттөгөн соң, калыбына келтирилген эмес. 1928-жылы америкалык археологдор казуу иштерин жүргүзүп, неолитке таандык турак жай калдыктарын, ар кыл түстөгү мозаика жана тиричилик материалдарын тапкан.