ОЛИМПИЯЛЫК ОЮНДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛИМПИЯЛЫК ОЮНДАР - 1) Байыркы Гре­киядагы элдик майрам жана мелдеш. Ал Олим­пия ш-нда биздин заманга чейинки 776-жылдан биздин замандын 394-жылы­на чейин 4 жылда бир жолу өткөрүлгөн. 0. о-га кулдар, варварлар жана аялдар катыша алган эмес; 2) 1896-жылдан 4 жылда бир өткөрүлүү­чү эл аралык ири спорттук мелдеш.

о-ды өткөрүү боюнча чечим 1894-жылы Парижде болгон эл аралык 1-атле-

„ „ тикалык конгресс-

Олимпиялык оюндардын эмб- „

те кабыл алынып, лемасы. ’

Эл аралык олим­пиялык комитет (ЭОК) түзүлгөн. 0. о-дын негиз­дөөчүсү - фр. коомдук ишмер Пьер де Кубертен (1863-1937). Ал ЭОКтун президенти болгон (1896-1925). ЭОК бекиткен спорттун түрлөрү гана 0. о-дын программасына кирет. 0. о. 1896- жылдан төмөндөгүдөй өткөрүлүүдө: ~ 1-0. о. 1896-жылы 5-12-апрелде Афиныда өткөрүлүп, 14 өлкө катышкан. Марафонго жүгүрүү чебери С. Луис мыкты спортчу аталган. 2-0. о. Парижде 1900-жылдын 20-майынан 28-июнуна чейин өткөн. 24 өлкө катышкан. Эң атактуу спортчу деп жеңил атлетчи А. Кренцлейн табылган. 3- О. о. 1904-жылы 1-июль-23-ноябрда АКШнын Сент­Луис ш-нда өткөрүлгөн. 12 өлкө катышкан. Эң мыкты спортчу болуп америкалык атлет Р. Юри белгиленген. 4-0. о. Лондондо 1908-жылы 22-апрел­ден 2-майга чейин өткөрүлүп, 22 өлкө катыш­кан. Мыкты оюнчу деп орус спортчусу Н. Па­нин-Коломенкин (муз тебүү боюнча) табылган. 5- 0. о. Стокгольмдо 1912-жылы 5-майдан 22-июлга чейин өтүп, 28 өлкө катышкан. Бул оюнда Фин­ляндиялык жеңил атлетчи X. Колехмайнен эң мыкты аталган. 7-0. о. Антверпенде (Бельгия) 1920-жылы 20-август-12-сентябрь аралыгында өткөн. 29 өлкө катышкан. Эң атактуу спортчу болуп Финляндиянын жеңил атлетчиси П. Нур­ми табылган. 8-0. о. Парижде 1924-жылы 4-24- майда өткөн. 44 өлкө катышкан. Дүйнөнүн эң атактуу оюнчусу деп 2-ирет П. Нурми аталган. 9-0. о. Амстердамда (Нидерланд) 1928-жылы 17-

май­дан 12-августка чейин өткөрулүп, 46 өлкө мел­дешкен. Сууда сүзүү боюнча америкалык спортчу Ж. Вейс­мюллер эң мыкты спортчу аталган. 10-0. о. Лос-Анжелесте 1932-жылы 30-июлдан 14-августка чейин өткөн. 37 өлкө катышкан. 10000 мге жүгүрүүдө Польшанын өкүлү Я. Кусочинский эң мыкты деп табылган. 11-0. о. Берлинде 1936-жылы 1-16-августта өткөрүлгөн. 49 өлкө ка­тышкан. Америкалык жеңил атлетчи Ж. Оуенс эң мык­ты делген. 6-0. о. (1919), 12- (1940) жана 13-0. о. (1944) өткөн эмес. 14-0. о. Лондондо 1948-жылы 29- июль-14-августта өткөн. 59 өлкө катышкан. Мында нидерланддык Ф. Бланкерс-Кун мыкты оюнчу аталган (жүгүрүү боюнча). 15-0. о. Хельсин­киде (Финляндия) 1952-жылы 19-июлдан 3-август­ка чейин өткөрүлгөн. Ага 69 өлкө катышкан. Мында СССРдин курама командасы 1-жолу мелдешке чыккан. Чехословакия стайери Э. За­топек эң мыкты аталган. 16-0. о. 1956-жылы 22- ноябрь-8-декабрда Мельбурнда (Австралия) өткөн. 67 өлкө катышкан. Советтик стайер В. Куц эң мыкты деп табылган. 17-0. о. Римде 1960-жылы 25-август-11-сентябрда өткөн. 83 өлкө мелдеш­кен. Советтик оор атлетчи Ю. Власов атактуу оюнчу аталган. 18-0. о. 1964-жылы 10-24-октябрда Токио­до өткөрүлгөн. Ага 93 өлкө катышкан. Эфио­пиялык атлетчи А. Бикила эң мыкты оюнчу аталган. 19-0. о. Мехикодо 1968-жылы 12-27-ок­тябрда өтүп, 112 өлкө катышкан. Америкалык Б. Би­мон эң даңктуу делген (узундукка секирүү боюнча). 20-0. о. Мюнхенде (ГФР) 1972-жылы 26-август-11- сентябрда өткөн. 121 өлкө катышкан. Америкалык суучул М. Спиц эң мыкты аталган. 21-0. о. Мон­реалда (Канада) 1976-жылы 17-июлдан 1-августка чейин өткөрүлгөн. 92 өлкө катышкан. Герман спортчу кызы К. Эндер, кубалык жеңил атлет­чи А. Хуантарена, румыниялык гимнастка Н. Комэнеч эң мыкты аталышкан. 22-0. о. 1980-жылы 19-июлдан - 3-августка чейин Москва­да, айрым мелдештери Ленинград, Киев, Минск, Таллинде өтүп, 80 өлкө катышкан. Бул 0. о-да Кыргызстандын спортчулары К. Осмоналиев, А. Ме­лентьев, Т. Колпаковалар чемпион болушкан. А. Блинов күмүш, С. Жуманазаров коло медалЬ алышкан. 23-0. о. Лос-Анжелесте 1984-жылы өт­көн. 140 өлкө мелдешкен. Жеңил атлетчи К. Льюис эң мыкты аталган. 24-0. о. Сеулда 1988-жылы 17-сентябрь-2-октябрда өткөн. 160 өлкө катышкан. Жердешибиз М. Ж. Кулчунова-Пи­нигина эстафетага чуркоодо 1-орунду ээлеп, олимпиялык чемпион болгон. 25-0. о. 1992-жылы 25-июль-9-августа Барселонада өткөрүлүп, 173 өлкө катышкан. СССР жоюлгандыктан, КМШ курама командасы деп алышкан. 26-0. о. Атлан­тада (АКШ) 1996-жылы 19-июль-5-августта өткөн. 197 өлкө ат салышкан. Түркиянын оор атлет­чиси Н. Сулейманоглы эң мыкты спортчу атал­ган. 33 спортчудан турган Кыргызстандын курама командасы 1-жолу О. о-га өз алдынча катыш­кан. 27-0. о. Сиднейде 2000-жылы 15-сентябрь-1- октябрда өткөн. Ага 199 өлкө катышкан. Кырг­ндын 51 спортчусу спорттун 10 түрү боюнча мел­дешкен. А. Смагулов дзюдо боюнча коло медаль ал­ган. 28-0. о. Афиныда 2004-жылы болуп, 201 өлкөдөн 11625 спортчу ат салышкан. Б. Фишер эң мыкты деп табылган. Кыргызстандын спортчула­рынан Г. Чхаидзе гана 5-орунду алган. 29-0. о. 2008-жылы Пекинде өткөн. Кытайдын курама ко­мандасы АКШ, Россия өндүү лидер командалар­дан озуп, 51 алтын медалы менен биринчилик­ти жеңип алган. Эң мыкты спортчу деп суучул М. Фелпс табылган. Кыргызстандын спортчулары К. Бегалиев (күмүш медаль), Р. Тумөнбаев (коло медаль) грек-рим күрөшү боюнча мыкты көрсөт­күч жаратышты. 30-0. о. Лондондо 2012-жылы 27- июль - 12-август аралыгында өтүп, ага дүйнөнүн 201 өлкөсү катышкан. Кыргызстандан 14 спорт­чу барган.