ОЛИГОФРЕНОПЕДАГОГИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛИГОФРЕНОПЕДАГОГИКА - дефектология илиминин акыл-эси кем балдарды окутуу, тар­биялоо жана кемчилигин жоюу маселесин изил­дөөчү бир тармагы. 19-к-дын башында медици­на жана педагогика тармагынан изилдене баш­таган. 19-к-дын аягында көп өлкөдө жалпыга башталгыч билим берүүнүн күчөтүлүшүнө бай­ланыштуу акыл-эси кем балдар үчүн атайын класстар жана мектептер түзүлө баштаган. Рос­сияда алгачкы жардамчы класс 1908-жылы, мек­теп 1910-жылы ачылган. Акыл-эси кем балдарды окутуу жана тарбиялоо атайын жардамчы мек­тептерде жүргүзүлөт. Окутуу эмгек менен айкалыш­тырылып, тарбиялоо мектепте жана үй-бүлөдө бир максатты көздөйт. Мында балдардын сезип-би­лүү тажрыйбасын арттырууга, сүйлөө речин өнүктүрүүгө, ден соолугун чындоого өзгөчө көңүл бөлүнөт. ЖОЖдордун педагогикалык дефектология факультетте­ринде даярдалат. Кыргызстандын айрым ш-лары менен р-ндорунда 0. боюнча жардамчы мектептер ачылган.