ОЛИВЬЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЛИВЬЕ Лоуренс Кемрр (О1ги1ег, Ьаигепсе) (22. 5. 1907, Суррей Доркинг, - 11. 07. 1989, Улуу Британия Батыш Суссекс, Стайнинг) - англис актёру, театр жанакино режиссёру. Э. Фожерти­нинин жетекчилиги

менен Борбордук декламация жана драма искусствосу мектебин бүтүр­гөн. 1926-28-ж. Бирмингем, ки­йин Лондон жана Нью-Йо р кт у н театрларында иш­теген. 1929-жыл­дан киного тар­тылган. «ОлдВик» (1944-49, Р. Ри­чардсон жана Ж. Варрелл менен бирге), «Сент-Жеймсес-тиэтр» (1951-52), «Чичес­тер фестивал тиэтр» (1962-63), Улуттук (1963- 73) театрларда жетекчи, режиссёр болуп иштеген. У. Шекспирдин драмаларынан Гамлет, Ричард III, Генрих V, Тит Андроник, Кориолан, Отелло­нун ролдорун жогорку чеберчиликте аткарган.