«ОЛЖОБАЙ МЕНЕН КИШИМЖАН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ОЛЖОБАЙ МЕНЕН КИШИМЖАН» - кыргыз элинин лирика-эпикалык дастаны. Бир нече варианты бар. Варианттарынан кыйла көркөм иштелгени, сюжети кызыктуу түзүлгөнү А. Үсөн­баевдин жана С. Сакетаевдин варианттары. Мын­дан А. Үсөнбаевдин варианты үч ирет (1940,1956, 1974) жарык көргөн. С. Сакетаевдин варианты 1947-жылы жазылып алынган, КР УИАнын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Окуяларына карап, «О. м. К-ды» кыргыз дастандарынын эң кенжелеринен деп болжосо болот. Анткени анда кыргыз эли­нин көчмөн доорунун соңку мезгилдерине мүнөздүү жай турмушу, ошо мезгилдеги киши­лердин көбүнүн башынан өткөн кадыресе эле окуялар көрсөтүлгөн. Дастан эки бөлүмдөн ту­рат. 1-бөлүм Солтобайдын жар издеп чыгышын, Кулжыгач кызы Бегимжанга үйлөнүшүн, анын Олжобай деген уулдуу болушун, 2-бөлүм Олжо­бай менен таежеси Кишимжандын сүйүүсүн, Куда­кенин кастык иштерин баяндаган окуялардан куралат. Ошондой болсо да дастанда окуялар

Олжобай менен Кишимжандын тегерегинде өөрчүп, алардын бири-бирине деген ашыктык сезимин, ага байланыштуу карама-каршылыктарды баян­доого көп орун берилген. Дастан сюжетиндеги кагылыштар да ошол эки жаштын сүйүүсүнө бай­ланыштуу чыгып, эки жаштын кошулушуна тоскоолдук кылып, алардын өлүмүнүн негизги себепкери Кудаке менен Байназардын өлтүрүлүшү менен аяктайт.