ОКУУ КАРТАЛАРЫ
ОКУУ КАРТАЛАРЫ - башталгыч, орто жана жог. класстардын методикалык талабын канаттандыруучу географиялык карталар. 0. к. окуучуларга жана студенттерге географиялык чөйрөдөгү табигый кубулуштарды жана алардын орун алуу мыйзам ченемдерин үйрөнүүгө жардам берет. Орто мектептер үчүн материктердин жана чет өлкөлөрдүн физикалык жана экономикалык, дүйнөлүк, атайын (өсүмдүк, кен байлык ж. б.), чет мамлекёттердин экономикалык карталары даярдалат. Респ. жана р-ндук физикалык карталар чыгарылып турат.