ОКТЯБРЬ (Ак-Суу р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКТЯБРЬ, М а м а н - Ысык-Көл облусунун Ак­Суу районундагы кыштак. Октябрь айыл аймагы­на караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышын­да, Ак-Суу менен Каракол суусунун ортосундагы түздүктө, деңиз деңгээлинен 1693 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Теплоключенка кыш­нан 6 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 225 км. Калкы 1906 (2007); негизи­нен мал багат. Орто мектеп, 2 китепкана, мед­пункт, маданият үйү бар.