ОКТЯБРЬ (Кара-Суу р-ну, Савай)
ОКТЯБРЬ - Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Савай айыл аймагына караштуу. Деңиз деңг. 780 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана т. ж. бекети Кара-Суу шаарынан 4 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 2056 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Соода жайлары иштейт.