ОКТУК ЖҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКТУК ЖҮК — автомобилдин огуна жана жол­дун бетине туура келүүчү жүктүн оордук салма­гы (басымы). О. ж-төрү чоң болгон автомобил­дер жолду тез бузат. Ошондуктан бардык өлкө­лөрдө жүк ташуучу автомобиль жана автопоезд­дердин О. ж-төрү чектелген. КМШ өлкөлөрүндө О. ж. боюнча бардык автомобилдер жана автопоезд­дер эки топко (А жана Б) бөлүнөт. А тобуна 1-жана-2 категориядагы (бети асфальтталып, не­гизи бышык жасалган) жолдор, ал эми Б тобу­на автомобилдер жана автопоезддер жүрүүчү бар­дык жол тармактары кирет. Автомобилдин ок­торунун ортосундагы аралык 3 м же андан ашык болгон учурда автомобилге жана чиркелмеге урук­сат кылынуучу О. ж. - А тобу үчүн 100 кН (10 тонна-күч.), Б тобуна - 60 кН. Эгерде октор­дун ортосундагы аралык 3 ждён аз болсо, О. ж. А тобу үчүн 90 кН, Б тобуна 55 кНго азайты­латынча Ал эми автобустар үчүн бул көрсөткүчтөр бир топ жогорулатылган.