ОКСИКИСЛОТАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКСИКИСЛОТАЛАР, оксикарбон кис­лоталары- молекуласынын курамында бир же бир нече гидроксид (-ОН) жана карбок­сил (-СООН) топтору бар орк бирикмелер. О. радикалдын түзүлүшунө жараша каныккан, ка­ныкпаган, циклдүү, ароматтык жана гетеро­циклдүү болуп бөлүнөт. 0-дын молекуласында­гы карбоксил тобунун саны негиздүүлүгүн, эр­кин турган гидроксид тобу менен карбоксил то­бундагы гидроксид тобунун суммасы

атомдуу­лугун көрсөтөт. Ушул белгилери боюнча бир не­гиздүү 2 атомдуу, эки негиздүү үч атомдуу ж. б. болуп бөлүнөт. Мисалы, шарап кислотасы - СООН- -СНОН-СНОН-СООН эки негиздүү төрт атом­дуу О-га тиешелүү. Жөнөкөй О. илээшкек суюк же кристалл түрүндө болот. Сууда жакшы эрийт. О. өсүмдүктөрдө кеңири таркалган. Көпчүлүгү оптикалык активдүү. Спирттерге же кислоталарга мүнөздүү касиеттерден башка дагы өздөрүнө гана мүнөздүү касиеттерге да ээ. О-ды ысытканда та­таал эфирлер - лактиддер, чексиз карбон кислота­лары жана лактондор алынат. О. галоген кислоталар­ды гидролиздеп, каныкпаган карбон кислоталары­на суу кошуп, амин кислотарларга азоттуу кислотаны таасир кылуудан, оксинтирилдерди гидролиз­дөөдөн алынат. О. тамак-аш ө. ж-нда, медици­нада, фармацефтикада кенири колдонулат.