ОКСИДОРЕДУКТАЗАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКСИДОРЕДУКТАЗАЛАР - окистенүү-калыбы­на келүү реакциясын катализдөөчү ферменттер классы. Окистенүүчү тобунун мүнөзүнө жараша төмөнкүдөй классчаларга бөлүнөт: спирт, аль­дегид (же кетон) жана этилен тобуна таасир этүүчүлөр. О. бардык тирүү клеткаларда болуп, аларды энергия менен камсыз кылууда (к. Биоло­гиялык кычкылдануу) маанилүү роль ойнойт. 0-дын негизги өкүлдөрү окистенүү механизмине жараша: дегидрогеназалар, оксидазалар, перок­сидазалар ж. б. болуп айырмаланат. Эки жүздөн ашык О. белгилүү.