ОКОП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКОП — аскер адамын (бир кишилик) же өздүк аскер бөлүгүн, аскер техникасын душмандын чабуулу же аткылоосунан коргоп, анын мизин кайтаруу үчүн атайын казылган орун (чуңкур). Негизинен О-тор ок атуучу кумдардын түрүнө (мисалы, пулемёттук же артиллериялык) ылайык казылат. Ич жагынан О-тун кырына (бруствер) үйүлгөн топурак б а р б е т, ал эми ок атууга ылайыкталган тешик амбразура деп аталат. Бир кишилик О-тордун бийиктиги 0,5 жден жогору болуп, бири-бирине траншея жана бай­ланып жолдору аркылуу туташтырылышы мүм­күн. Ок атуучу оор техникалар үчүн терең чуң­курлар казылып, үстү жашырылып жабылат.