ОКЛЕНД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКЛЕНД - Жаңы Зеландиядагы ири шаар. Өлкөнүн ири ө. ж. борбору (өлкөдө өндүрүлгөн ө. ж. продукциясынын ^/зИне жакыны чыга­рылат). Түндүк а-нда; Окленд ж. а-н Түндүк а-нын негизги бөлүгү менен байланыштыруучу мойнок­то жайгашкан. Тынч океандын Хаураки булу­ңундагы порт. Калкы 422,0 миң (2010; шаар ай­ланасы менен 1,4 миллион). Эл аралык аэропорту бар. Т. ж. бекети. Өлкөнүн ири экономикалык борбору. Ма­шина куруу (транспорт, а. ч. жана электр-техникалык), металл иштетүү, тамак-аш (сүт, эт), текстиль, химиялык, жыгаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, сүрөт галереясы, меланезиялык миссио­нерлер музейи бар.