ОКИНАВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКИНАВА - Рюкю архипелагындагы эң ири арал, Японияда. Аянты 1254 км2. Жээктери булуң-буйткалуу, шуру рифтери менен курчалган. Тынч океан жана Чыгыш Кытай деңизи менен чул­ганат. Жеринин бети жапыз тоолуу, деңиз деңгээлинен бийиктиги 498 мте чейин; ошондой эле түздүктүү. Клима­ты тропиктик, муссондук, жылдык жаан-чачы­ны 1300-2000 мм. Басымдуу бөлүгүн ээлеген нымдуу тропик токоюнун көп жерин бадал, бамбук токойлору ээлейт, ошондой эле шалы палда­ры, ананас, батат жана бал камыш менен алмаш­кан. Негизги борбору - Наха порт шаары.