ОКЕАН ТАМАНЫ
ОКЕАН ТАМАНЫ - Дүйнөлүк океан түбүнүн эң кеңири бөлүгү, материктин суу астындагы четжакасы менен чектешет (океан ортолук кырка тоолорду кошпoroндо). Аянты 193,8 миллион км2 (кургактыктын аянтынын 38% ке жакыны); анын 116,6 миллион кл«2и Тынч, 34,2 миллион к.и2и Атлантика, 39,6 миллион км2и Инди, 3,4 км2и Түндүк Муз океандарына туура келет. О. т. планеталык морфоструктурага ээ; ал океан платформасына дал келгендиктен, жер кыртышынын тектоникалык кыймылы тынч абалда, айрым жерлерине гана (ШриЛанка а-нан түштүк-чыгышты карай) жанартоо атылуулары мүнүздүү. Түрдүү морфол. көтөрүлүштөр менен бөлүнгөн чуңкурдуктардан (эң ириси Тынч океандагы Түндүк-Чыгыш чуңкурдугу) турат. Чуңкурдуктардын таманын абиссаль туздуктөру (тереңдиктери 2000-6000 м) ээлейт. Түздүктөр океан ортолук кырка тоолордон океандын чет-жакасын карай закон ченемдүү өзгөрөт. Океан ортолук кырка тоолордун уландысын дөңсөөлүү абиссаль түздүктөрү (салыштырмалуу бийикт. 500 м, туурасы 10 кмге чейин) түзөт. Тынч океанда абиссаль дөңсөөлөрү 80% ке чейинки аянтты ээлейт. Көбүнчө алар магма тектеринен түзүлүп, жакын жайгашкан океан ортолук кырка тоолордун огуңа жарыш, айрым учурда иретсиз жайгашат. Абиссаль дөңсөөлөрүнүн рельефи чөкмөлөрдүн эсебинен (материктин чет-жакаларында, биопродукттуулук жoroру зоналарда, океандагы аракеттеги жанартоо аймактарында) акырындык менен басырылып, тегизделип тармал жана тайпак абиссаль туздүктөрүнө. айланат.
О. т-ндагы көтөрүлүштөрдүн бийикт. бир нече кмге, туурасы жүздөгөн кмте, уз. миңдеген клгге жетип, бир нече типтерге бөлүнөт. К е л к и кырка тоолор эң кеңири таралып, морфол. түзүлүшү жаракалар менен бөлүнгөн жазы жалдардан турат. Жалдын чокусунда өчкөн жана аракеттеги жанартоолор (Тынч океандагы Гавайи кырка тоосу) бар. Келки кырка тоолордун чокусу тайпак, капталдары тик келет (Инди океанындагы Чыгыш Инди тоосу). Океан платол о р у плато сымал жайпаң кырлардан, тик капталдардан турат (Тынч океандагы Маникихи). Океан дөңсөөлөрү начар тилмеленген беттен жана жантайма капталдардан турат (Тынч океандагы Шатский дөңсөөсү). Океан жалдары түз сызык боюнча көтөрүлөт
(Тынч океандагы Эауриндер жалы). О к е а ндын чет-жакасындагы жалдар капталдагы кобулдарды жээктеп, аларга жарыш жатат (Тынч океандагы Зенкевич жалы).
О. т-на суу астындагы обочо тоолор мүнөздүү, алардын айрым чокулары суунун үстүндө болуп, аралдарды пайда кылат. Аларды негизинен өчкөн жанартоолор, чанда жердин тектоникалык көтөрүлүштөру тузөт.
О. т-ндагы абиссалъ чөкмөлөру (карбонаттуу, кремнийлүү, чополуу ж. б. чөгүндүлөр, океандын тереңиндеги кызыл чополор) бийиктик жана кеңдик климаттык зоналар боюнча таралган. Дөңсөөлүү абиссаль түздүктөрүндө чөкмөнүн калыңдыгы 100-200 м болсо, океан дөнсөөлөрүндө 1-2 клгге чейин жетет. О. т-нан кен байлыктар табылган. Терең чуңкурдуктардын таманында темир-марганец бирикмелери кездешет, аларда марганец, никель, жез жана кобальт ж. б. элементтер бар. Океан ортолук кырка тоолор менен чектешкен ойдуңдар темир, жез, цинк ж. б. металлдарга бай.
Ад.: Леонтьев О. К. Морская геология. М., 1982; Удинцев Г. Б. Рельеф и строение дна океанов. М., 1987; Кеннет Дж. П. Морская геология. Т. 1-2. М., 1987. Ложе океана // Болыпая Российская энциклопедия. Т. 17. М., 2010. Ш. Качаганов.