ОКЕАН ДЕҢИЗ ТҮБҮНҮН ГЕОМОРФОЛОГИЯ СЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКЕАН-ДЕҢИЗ ТҮБҮНҮН ГЕОМОРФОЛОГИЯ­СЫ, деңиз геоморфологиясы­океан жана деңиз түптөрүндөгү рельефтин түзүлүшүн жана өнүгүшүн изилдөөчү илим. Жалпы геомор­фология, геотектоника, геофизика, айрыкча де­ңиз геологиясы менен тыгыз байланышта болуп, алардын деңиз түбүнүн рельефи жөнүндөгү чогул­ган материалдарын илимий жактан жыйынтыктайт. 3 негизги багыты бар: жер кыртышынын геол. структурасы жана жердин геотектон. өөрчүшүн (морфоструктурасын) үйрөнүүгө байланыштуу океан-деңиз түбүнүн рельефинин ири элемент­терин изилдөө; сырткы күчтөрдүн таасиринен рельефтин өзгөрүшүн жана ага байланыштуу де­ңиз түбүнүн рельефинин формаларын жана тип­терин (морфоскульптурасын) изилдөө; шельф­тердеги нефть кенин изилдөө, суу астындагы трассаларды долбоорлоо, балык чарбасын өнүктүрүү (колдонмо О.-д. т. г.).