ОК ДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОК-ДАРЫ — душмандын куралдуу күчүн, согуш техникасын, бекем чебин жок кылууга арнал­ган жарылма заттар. О.-д. жарылма заттар бөлүп чыгарган күч менен душманга, объектиге сокку урат. О. д-нын ядролук, артиллериялык, реак­тивдүү снаряд, авиация бомбасы, патрон, гра­ната, деңиз минасы, торпедалар сыяктуу түрлөрү бар. О.-д. мерчемдүү жерге түрдүү курал (замби­рек, миномёт, мылтык) менен атылып, согуш транспорту (самолёт, ракета ж. б.) менен жетки­рилет. Азыр куралдуу күчтөр тез атылма авто­мат куралдар менен мыкты жабдылгандыктан, О.-д. да көп чыгарылат. Анын бир бөлүгү ас­кердик машыгууда керектелет.