ОИМОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЙМОК - уз куралы. Ийненин көз жагы колго кирбес үчүн сөөмөйгө салынып, учуктуу ийнени жердикке өткөзүүнү жеңилдетет. Катуу, калың кездемелерди, терилерди, булгаарыларды тигүүдө

О. кеңири колдонулат. О. жасалган затына ка­рата күмүш О., жез О., темир О., мүйүз О., жа­салыш ыкмасына жараша туюк О., ачык же тамандуу О. болуп бөлүнөт. О-ко боо чалынып, учу чачыланып асемделген.