ОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЙ, ой-пикир — айлана-чөйрөнү, ааламда өтүп жаткан процесстерди баамдаган адамзат­тын интеллектуалдык дүйнө кабылдоо жөн­дөмүнүн көрүнүшү, башкача айтканда акыл-эстин жайынча эле кезек-кезек өлчөмсүз тездикте чагылдыры­лып, билдирилип турган формасы. 0. куруму ар түркүн болот. Бир эле 0. бир же бир нече бөлүктөн турушу ыктымал. Алардын (О-дун бөлүктөрүнүн) ар бири интонация жагынан са­лыштырмалуу бүтүндүккө ээ.