ОЗАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЗАЛ Тургут (13. 10. 1927, Түркия, Малатья - 17. 4. 1993, Анкара, сөөгү Стамбулга коюлган) - мамлекеттик жана саясий ишмер, Түркиянын 8-прези­денти (1989-93). 1950-жылы Стамбул техникалык университетин бүтүргөн. 1950-52-ж.

АКШ­да иштеген. Армияда кыз­мат өтөп келгенден кийин Жакынкы Чыгыш техникалык университетинде окутуучу, 1980-82-ж. пре­мьер-министр Бүлент Улус­тун экономика боюнча жардам­чысы. 1983-жылы «Мекен пар­тиясын» негиздеген. 1983- жана 1987-жылы парламенттик шайлоолордо Түркиянын премьер-министри болуп шайланган. О. Т. АКШнын саясатын колдогон. СССР кулагандан кийин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Азербайжан менен байланыш түзгөн. О. Т. жүр­гүзгөн экономикалык реформалардын натыйжасында Түркиянын экономикасы жогорулаган.