ОДОАКР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОДОАКР (болжол менен 431-15. 3. 493, Равенна) - Италиянын 476-493-жылдардагы королу. Скир аттуу германиялык уруудан чыккан. Батыш Рим империясында жалданма германиялык отряддардын бирин жетектеген. 476-ж. 23-ав­густта Батыш Римдин акыркы императору Ро­мул Августулду тактан тушүрүп, өзүн Италия королу деп жарыялаган (бул окуя менен Батыш Рим империясынын кулашын байланыштыры­шат). 488-ж. Түндүк Италияга басып кирген ост­готтор Одоакр королдугун каратып алып, 0-ды 493-ж. остготтордун уруу башчысы Тео­дорих өлтүргөн.