ОДЕНСЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОДЕНСЕ - Даниядагы ири порт шаар. Оденсе д-нын боюнда (төмөнкү агымында), Фюн а-нда жайгашып, анын экономикалык жана маданий борбору. Калкы 161,0 миң (2010). Кеме куруу, электр-техникалык, текстиль, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, сүрөт музейи бар. Ыйык Кнуда собору (1300, 15-к-да курулуп бүткөн), Кудай эне (12-к.), Ионна чиркөөлөрү (15-к.), 16-17-к-дын курулуштары сакталган. О. - жазуучу жана жо­мокчу X. К. Андерсендин (үй-музейи уюштурул­ган) мекени. О-ге жакын жерде ачык асман ас­тында «Фюн айылы» музейи жайгашкан.