ОДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОДА (грекче ос!е - ыр) - лирикалык түргө кирүүчү жанр; лирикалык поэзиянын жана музыканын жанры, салтанаттуу, патетикалык, даңктоо, мактоо мүнөзүндө жазылган чыгарма. О. хор­дук ыр катары антикалык мезгилде пайда бол­гон. 0. хор, бий менен аралаш аткарылган. Ал жанр катары спорт оюндарында жеңгендерди даңазалаган Пиндардын (биздин заманга чейинки 518-442-ж.) чыгармаларында калыптанган. Классицизм доо­рунда Ф. Малербдин, Вольтердин, Г. Р. Держа­виндин, Ж. Б. Руссонун чыгармаларында өнүк­көн, мазмуну жана тематикасы байыган. Анын теориясын иштеп чыгууга Буало көп көңүл бур­ган («Поэтикалык искусство», «Ода жөнүндө ой жүгүртүүлөр» ж. б.). ошондой эле 17-к-дан кандайдыр

бир окуя же белгилүү адамдын урматына өткө­рүлүүчү сарай салтанатына арналып жазылган вокалдык-аспаптык музыкалык чыгарма. 19-20-к-да нукура аспаптык О-лар да жаралган. Орус поэ­зиясында 0. жазуу В. К. Тредиаковскийден баш­талып, М. В. Ломоносовдун поэзиясында өнүк­көн. Советтик поэзияда О. жазуу кайра жанданып, революциячыл мазмун алган Октябрь революциясын мак­тоо (мисалы, В. В. Маяковский «Революцияга ода») үстөмдүк кылган. 0. жанрына кыргыз поэзия­сында А. Токомбаев («Компартия жөнүндө ода») ж. б. акындар кайрылган. Советтик мезгилде адабиятта­гы ашкере саясатташуунун кесепетинен О. жан­ры идеол. куралга айланган. Азыр 0. ишкер­лерге, тарыхый инсандарга, көзү өткөн ата-ба­баларга арналып жазылат.