ОВИДИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОВЙДИЙ, Публий Овидий Назон (биздин заманга чейинки 43 - биздин замандын 18-ж.) - рим акыны. «Маха­бат илими», «Сүйүү дабасы», «Сүйүү элегия­лары», «Кубулуу» деген чыгармалардын ав­тору. Алгачкы чыгармаларында римдиктер­дин турмушун көрсөтүп, сүйүү насааттарын айткан. 250дөн ашуун мифол. жана фольклор­дук уламыштан турган «Кубулуу» дастанында адамдардын айбанга, өсүмдүккө, жылдызга, анан кийин ташка айланып кетиши баян­далган. Өмүрүнүн акырында «Сүйүү элегиялары» жана «Понтий арноолору» деген чыгармаларды жазган.